Бишкекте “дүкөндө башка адамдын баштыгын тартып алды” деген шек менен 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, “11-мартта саат 15:30 чамасында “Лион” аттуу дүкөндө бейтааныш адамдар баштыгымды тартып алышты. Баштыкта эки уюлдук телефон, паспорт, 3 миң сом, банктык карта жана бет боёк болгон”,- деп милицияга 45 жаштагы Б.Дина кайрылган.
Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү А.Айзат колго түшүрүлдү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.