1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды

1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызды сабаган Гүлмира Дубанаева 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун канцеляриясы билдирди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 23-ноябрында Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыз катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Г.Дубанаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө учурунда Дубанаева Гүлмира Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген. Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган дагарага салып сыртка чыгарып койгондугу, кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
mers19
2014-03-13 01:19:38
Жок дегенде карапайым адамдарга иштеп турсун да.
0
azhibaeva.2012
2014-03-13 03:57:49
Таш боор аял экен го?Туура Чечим чыгарган
0
tasuluu
2014-03-13 04:43:11
Ымыркай озуно келгенби ошол жонундода маалымат берип коюнуздарчы
0
arisbekov
2014-03-13 06:06:46
Байкуш наристеде эмне куно кандай таш боор немесин омуру откучо бала зар болсун
0
Ali.Ht
2014-03-13 07:42:13
Канча миллиардтаган кыргыздын байлыгын сатып уурдагандар эч нерсе болбой эле журотко, адам олтургондорго да мынча жыл бергенин корбодум эле, тиги больницада врачтар балдарды сатып ататко аларды эмнеге камабайт? Бизде адилеттулук жок!!!
-12
arena2014
2014-03-13 08:30:20
берерге акчасы болбосо мыйзам иштейт да)))
0
admin_superstan
2014-03-13 09:36:42
artur_kgboy - Талкуудан алыс билдирүүсү үчүн 3 күнгө БАНга!
0
Made_in_Mama
2014-03-13 13:23:07
Мен да ойлойм, эн туура чечим. Бироону кордогондорду ушинтип жазалаш керек. Тем более жаш балдарды кордогондорду. Мен кутуп жаттым эле, кандай чара колдонулат экен деп ушул "адамга". Адам дегенге да оозум барбайт. Жашоону барктап жашайлычы. Эч кимге зыяныбыз тийбесин...
0
meky85
2014-03-13 14:03:13
байкуш кызга боорум ооруду кулагы укпай суйлой албай атыптыр тиги аялга Кудайым дагы жазасын берсин
0
turgunbek
2014-03-13 14:47:13
наристеге эмне болгон жакшы болуп калганбы маалымат берип койунуздарчы
0
zamira8576
2014-03-13 20:55:58
Молодец 17 жыл нормально.Эми оз балдарыны сагынып ол.Бироонукун да оз балдарындай корсон болмок.Эми оз колун менен кылган ишине башын менен тартасын жазасын.Мирананын азыркы абалда кандай болуп калганын маалымат берип койсонор.Алдын ала ырахмат.
0
Chika78
2014-03-13 22:15:53
admin superstan,жабыркаган кыз тируубу же...Кандай болгон кундо да бул туру суук кылмышкерге(аял,эне-деп айтууга ооз барбады)туура эле чечим чыгарылган.
0
Chika78
2014-03-13 22:53:20
Кыздын энесинин интервьюсун окудум,жакшы кыз тируу экен.
0
tynara1983
2014-03-14 08:51:49
Ali.Ht сенин оюнча бул аялга коп берип койду деп ойлоп жатасынбы? Бул аял тируулой наристени манкурт кылып койбодубу сен толук окусан, сот ен туура чечим чыгарыптыр.
0
admin_superstan
2014-03-14 10:02:18
zamira8576, Chika78, Саламатсыңарбы!
Бактыгүл Таштанбекова, Мирананын апасы: "Кызым баштагыга караганда жакшы болуп калды. Бирок жакшы көрбөйт, сүйлөбөйт" деп билдирди. Бул шилтеме аркылуу өтүп, толук окуй аласыздар: http://www.super.kg/kabar/news/54715/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан