Чүй районунда тоок фабрикасына уурулукка кирген өспүрүмдөр кармалды

Чүй районунда тоок фабрикасына тоок уурдоо үчүн кирген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө тоок фабрикасынын ээси кайрылып, 10-марттан 11-мартка караган түнү уурулар 40 тирүү тоокту жана 30 тооктун этин уурдап кетишкенин кабарлаган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүү 4 өспүрүмдү кармашкан. Алар Кемин районунун тургундары болуп чыккан.

Учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murgab2013
2014-03-13 09:23:26
миллионду жегендер жатат ал эми тоок учун камалышат экенда бечералар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан