Кечээ, 12-мартта орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюнунда Лионель Месси “Манчестер Ситинин” дарбазасына кезектеги голун киргизди. Бул гол УЕФАнын Чемпиондор Лигасында анын эсебине жазылган 67-гол болуп калды. Бул көрсөткүч менен Месси аталган мелдеш тарыхында бир клуб үчүн эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы рекорд койду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул рекордду испаниялык Рауль койгон эле. Раулдун эсебинде УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 71 голу болсо, анын 66сын мадриддик “Реалдын” курамында киргизген.