Бишкекте Чек ара кызматынын кызматкери мас абалында жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп кетти

Бишкек шаарында мас абалында унаа айдап бараткан КРнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-мартта саат 15:40 чамасында Ауди А6 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Чек ара кызматынын 39 жаштагы аскер кызматкери Нурлан Т. П.Лумумба көчөсүнөн 23 жаштагы К.Кириллди кагып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен Кириллдин мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.

Учурда автоунаа айып төлөөчү жайга киргизилип, топтолгон материалдар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан