Чүйдө “уруша кетип теңтушуна бычак сайган” деген шек менен 18 жаштагы жигит кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы менен Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан “уруша кетип теңтушуна бычак сайган” деген шек менен Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган А.Р. "14-февраль күнү саат 22:00 чамасында Петровка айылындагы Маданият үйүнүн айланасында 18 жаштагы жергиликтүү тургунга бычак сайган" деп шектелүүдө. Жаракат алган жаран аймактык ооруканага жеткирилген. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “атайын бирөөнүн ден соолугуна залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан