Жаза аткаруу кызматынын өкүлү 55 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 11-март күнү Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №2-түзөтүү абагынын башчысынын орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын ММК менен байланышуу бөлүмүнөн бүгүн, 13-мартта билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын өкүлдөрү Жаза аткаруу кызматында иштегендер үчүн тигилген кийимдерди текшерүүгө алышкан. Текшерүүлөрдү токтотуу жана аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу максатында түзөтүү абагынын башчысынын орун басары бир нече жолу пара берүүгө аракет кылган. 

Соттун уруксаты менен Жаза аткаруу кызматынын өкүлү 11-март күнү 55 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Ага карата “пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан