"Кызым баштагыга караганда жакшы болуп калды. Бирок жакшы көрбөйт, сүйлөбөйт". Бул тууралуу 1 жаш 8 ай кезинде катуу сабалган Мирананын апасы Бактыгүл Таштанбекова бүгүн, 13-мартта билдирди.
Айтымында, учурда деле кызы менен ооруканада.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 23-ноябрында Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыздын токмок жеп ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кабарланган. Маалыматка ылайык, бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Гүлмира Дубанаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө учурунда Гүлмира Дубанаева Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген. Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган дагарага салып сыртка чыгарып койгондугу, кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.
Ал эми Ленин райондук соту айыпталып жаткан Гүлмира Дубанаеваны 17 жылга эркинен ажыраткан.