Эстониядан дөңгөлөк ташып келген ишкана мамлекетке 528 миң сом салык төлөгөн эмес

Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан "А.П." ЖЧКсына Кылмыш-жаза кодексинин 204 (аткезчилик) жана 210-беренелерине (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 2014-жылы 1-мартта Эстония Республикасынан темир жол аркылуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн станциясына "А.П." ЖЧКсынын дарегине мурда колдонулган автомашиналардын дөңгөлөгү жүктөлгөн контейнер келген. 
Документке ылайык, жүктүн салмагы 18 370 килограммды түзүп, анын негизинде Мамлекеттик бажы кызматкерлери тарабынан товар декларацияланган. Бирок 6-мартта аталган товарды таразага тартууда салмагы 24 830 килограммды түзүп, ЖЧКнын өкүлдөрү 6460 килограмм жүктү жашырып коюшкандыгы билинген. Натыйжада мамлекетке 528 105 сом салык төлөнбөй калган. Учурда Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан