"Кыргызкөмүрдүн" жетекчилигине "1 миллион 193 400 сом уурдады" деген айып тагылды

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги 1 миллион 193 400 сом уурдаган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жетекчилиги 2 миллион сомго жакын каражатты "Йонтан Энерджи Ко" ЖЧКга жумшалды деп чыгыштаган. Бирок көрсөтүлгөн акча компаниянын эсебине түшпөй, мамлекеттик ишкананын жетекчилиги тарабынан уурдалган. 

Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген материалдын негизинде "Кыргызкөмүрдүн" жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан