Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычына даярдыгынын алкагында Ооганстан менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, беттеш 13-апрелде Кабул шаарында орун алат.
Эске салсак, “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычы 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында болмокчу. Анда Кыргызстан курама командасы Мальдив, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алган. Ал эми Ооганстан бул мелдеште “В” тайпасында жайгашкан.