Кечээ, 13-мартта Кара-Суу РИИБинин жетекчилиги тарабынан Кызыл-Кыштак айыл округунда мектеп окуучуларынын арасында "Милиция биз менен" аттуу шахмат боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев бүгүн, 14-мартта билдирди.
М.Сабиров атындагы №65-орто мектебинде өткөн мелдешке жалпысынан 6 мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду алган Ырысбай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Алтыбай Осмонов жана 2-орунду алган Т.Өмүрзаков орто мектебинин 8-классынын окуучусу Саидумархон Абдуллаев «Кыргыз милициясы биз менен» деген жазуусу бар спорттук кийим жана шахмат менен сыйланышты. Иш-чаранын максаты окуучулар арасында достукту, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.