“Сочи-2014” Паралимпиада оюндарында Орусия курама командасы 50 медаль утту (фоторепортаж)

7-мартта Сочи шаарында старт алган Кышкы Паралимпиада оюндары кызуу уланууда. Бүгүн, 14-мартка карата Орусия 50 медаль утуп, башка атаандаштарынан ат чабым алдыда жүрөт. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жыйынтыктала турган Паралимпиада оюндарына 45 мамлекеттен 575 спортчу катышууда. Анда 5 спорт түрү боюнча 72 комплект медаль ойнотулуп жатат.

Кошумчалай кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндарынын бул жолкусуна Кыргызстандан катышкандар болгон жок.

Медалдардын саны боюнча Орусия командалык эсепте ат чабым алдыда жүрөт:  

1. Орусия – 50 медаль (18 алтын, 18 күмүш, 14 коло).

2. Германия – 7 медаль (6 алтын, 1 күмүш).

3. Украина – 14 медаль (3 алтын, 4 күмүш, 7 коло).

4. Япония – 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло).

5. Австрия – 6 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 1 коло). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-03-14 10:34:13
молодцы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан