16-21-март аралыгында Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча Нооруз майрамына карата мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, эртең, 15-мартта мелдешке катыша турган 12 команда чүчү кулактын негизинде үч-үчтөн төрт тайпага бөлүнүп, 16-18-март аралыгында тандап алуу турлары өтөт. 20-мартка жарым финалдык оюндар белгиленсе, чечүүчү финалдык беттеш 21-март күнү орун алат. Оюндар күн сайын саат 11:00дө башталат.
Кошумчалай кетсек, мелдешке “Бөрүлү”, “Кабылан”, “Суусамыр” сыяктуу белгилүү командалар да катышат. 2013-жылы Ноорузга карата уюшулган мелдеште “Кабылан” командасы жеңишке жетишкен.