16-мартта Бишкектеги “Стронг” бокс жана фитнес борборунда тайбокс боюнча “Манастын баатырлары” сериясындагы мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеште 6 беттеш (57 килограмм салмакта, 60, 67 жана 71 килограмм салмак категорияларында) орун алат.
Кошумчалай кетсек, “Манастын баатырлары” деген аталыштагы серияда үстүбүздөгү жылы 12 мелдеш өткөрүү пландалган.