Бишкекте 20 жаштагы Индиянын жараны тонолду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш жигиттер аны коркутуп, 500 сомун тартып алышкан. Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү кармады. Алар: 19 жаштагы К.Тилек, А.Турсунбек, Д.Иман жана 18 жаштагы Н.Фарух, А.Самат.
“Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Алардын буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды”,- деп кабарлады Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.