Кемин районунда атасы мас абалында өгөй кызынын бетин устара менен тилип салды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Орловка айылынын 21 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өгөй атасы мас абалында сабап, бетин устара менен тилип салганын айткан.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 47 жаштагы тургунду колго түшүрүшкөн.