Чүйдө "30 миң сом уурдаган" деп шектелип 14 жаштагы бала кармалды

Чүй районунда "30 миң сом уурдады" деген шек менен 14 жаштагы мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, милицияга 39 жаштагы Чүй айылынын тургуну кайрылган. Ал 28-февраль күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкенин айткан. 
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү окуучу кармалды. Ал күнөөсүн моюнуна алып, бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан