Лейлек районундагы “Максат” бажы постунан Тажикстанга аткезчилик жолу менен дары-дармектерди өткөрүп бара жаткан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаадан документтери жок 180 коробка дары-дармек табылган. Өз убагында тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жүк Лейлек РИИБине өткөрүлүп берилди.