Бишкектеги Республикалык психиатриялык борбордон качып кеткен бейтап кармалды

Бүгүн, 15-мартта Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан мындан 3 күн мурун Республикалык психиатриялык борбордон качып кеткен бейтап кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган бейтап дарылоо мекемесине жеткирилген.

Эске салсак, кечээ, 14-мартта Бишкек ШИИББи 12-мартта саат 19:00 чамасында оорукананын 1-бөлүмүнөн терезени сындырып качып кеткен бейтап боюнча маалымат таратып, издөө жарыялаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан