Кыргызстанда 16-мартта саат 11:32де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу КРнын Илимдер академиясынын Сейсмологиялык институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Саруу айылынан түндүк чыгышка карай 5 чакырым алыстыкта, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 38 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Суу, Светлая Поляна айылдарында 4-4,5 баллга, Ак-Терек, Жеңиш айылдарында 4 баллга, Караколдо 3,5 баллга жеткен.