"Формула-1" боюнча сезондун алгачкы жарышын Нико Росберг утуп алды

Кечээ, 16-мартта "Формула-1" сериясында Австралиянын "Гран-Приси" орун алып, Мельбурн шаарындагы Альберт-Парк трассасында сезондун биринчи жарышы болуп өттү. Анда “Мерседес” командасынын өкүлү Нико Росберг жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2-орунду “Ред Булл” командасынын даниялык автожарышчысы Даниэль Риккардо утса, үчүнчү болуп мара сызыгын Кевин Магнуссен  (“Макларен”) кесип өттү.  

Кошумчалай кетсек, бул аталган жарыштардын тарыхындагы 65-сезон болуп эсептелет. Акыркы сезондо “Ред Булл” командасынын германиялык өкүлү Себастьян Феттель чемпиондукту утуп алган. Кезектеги жарыш 30-мартта Малайзиянын "Гран-Приси" үчүн өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан