Лионель Месси “Барселонанын” тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчуга айланды

Кечээ, 16-мартта Испаниянын чемпиондугунун 28-тур оюндарынын алкагында каталондук “Барселона” атаандашы “Осасунаны” 7:0 эсебинде утуп алды. Бул оюнда өз эсебине 3 гол жаза алган Лионель Месси “Барселонанын” курамында киргизген голдорунун санын 371ге жеткирип, бул көрсөткүч менен ал буга чейин клубдун тарыхында эң көп гол киргизген Паулино Алькантараны ашып түштү. Расмий эмес оюндарды эсепке алганда, Паулино 369 гол киргизген эле. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Кошумчалай кетсек, Лионель Месси быйылкы сезондо Испания чемпиондугунда 18 гол киргизип, бомбардирлер тизмегинде 3-орунда келүүдө. Алдында “Реалдын” оюнчусу Криштиану Роналду (25 гол) жана “Атлетиконун” чабуулчусу Диего Коста (22 гол) бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oma94kg
2014-03-17 19:26:02
Мессиге соз жок кучтуу ойнойт
0
muslim7
2014-03-17 22:37:18
маладец, бирок, Мессинин Барса учун киргизген голуна караганда ойногон оюну коп, ал эми Криштиану Роналдунун Реал учун Оюнуна караганда, голу коп.
0
nursultan1
2014-03-19 20:22:06
muslim7, kaisyl statistikaga karap suilop jatasyn eger aitkanyn chyn bolso tak esepterdi jazyp koichu. birinchiden Barca uchun messi 407 oyun otkorup 371 golkirgizgen a ronaldu bilbeim kancha golkirgizgenin birok messinikindei korsotkuch deerlik ech bir oyunchuda bolo elek
0
joomart
2014-04-01 12:16:39
месси ото жонокой жана кучтуу оюнчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан