Жалал-Абадда 2 ай ичинде диний кастыкты козутуу багытындагы 19 факты аныкталды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган аймакта акыркы мезгилде «Хизбут-Тахрирге» тиешелүү идеяларды тараткандардын саны көбөйгөн.
Укук коргоо органдары тарабынан 2012-2013-жылдары 12 ай ичинде диний экстремизмге байланышкан 43 факты аныкталып, анын 31ине кылмыш иши козголгон.
2013-жылы бул багытта иш алып барат деген 523 адам каттоого турган. «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеяларын таратуучу жалпы 971 буюм (китептер, баракчалар, дисктер, аудио-видеокассеталар, кол жазма дептерлер, мобилдик телефондор) далил катары алынган.
2014-жылы 2 ай ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чаранын алкагында диний кастыкты козутуу багытында 19 факты аныкталган. Алардын ичинен 14 факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү күндө облустун аймагында диний экстремисттик көз караштарды колдогон 515 адам каттоодо турат. Анын ичинен 10 адам «Вахабий» агымына киргендер. Каттоодо тургандардын 464үн эркектер, 51ин аялдар түзүүдө. 148 жаран кыргыз улутундагылар болсо, 367 жаран өзбек улутундагылар.