Орусиянын олимпиадалык курама командасы “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасын уткан соң мындай ийгилик Паралимпиада оюндарында да кайталанды. Тактап айтканда, кечээ, 16-мартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өткөн Паралимпиада оюндары жыйынтыкталып, анда Орусия жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Паралимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Орусия курама командасынын карамагында 80 медаль бар. Анын 30у алтын, 23ү күмүш, 22си коло. Жалпысынан 5 спорт түрүнөн 72 комплект медаль ойнотулган мелдешке катышкан 55 мамлекеттин спортчуларынын ичинен 19 мамлекеттин спортчулары медалга ээ болушту.
Командалык эсеп:
1. Орусия – 80 медаль (30 алтын, 28 күмүш, 22 коло).
2. Германия – 15 медаль (9 алтын, 5 күмүш, 1 коло).
3. Канада – 16 медаль (7 алтын, 2 күмүш, 7 коло).
4. Украина – 25 медаль (5 алтын, 9 күмүш, 11 коло).
5. Франция – 12 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 4 коло).