15-мартта Сербиянын Белград шаарында Любомир Иванович Геджанын жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандар 4 медаль утуп кайтышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мелдешке Кыргызстандын желеги астында 6 балбан аттанган. Алтын медалды 130 килограмм салмак категориясында Мурат Рамонов өз эсебине жазса, күмүш медаль ээси Калыбек Жолчубеков болду (59 кг). Ал эми Арсен Эралиев (59 кг) менен Азат Бейшенбеков (85 кг) өз салмактарында коло медалдарды утушту.
Улуттук курама команда учурда Казакстандын Тараз шаарында машыгуу сборунан өтүп жатат. Сбор 30-мартта жыйынтыкталат.