Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитети Муниципалдык аймактык башкармалыктар арасында балдар жана өспүрүмдөрдүн жазгы спартакиадасын өткөрөт. Муну мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Мелдештер 2001-2002-жылы туулган балдар арасында 3 этап менен райондордо, кичи райондордо, жаңы конуштарда өтмөкчү. Финалдык таймаштар 10-апрелде болот.