19-21-март аралыгында Бишкекте ордо оюну боюнча белгилүү спорт ишмери Дөлөн Өмүрзаковдун жаркын элесине арналган ири мелдеш өтөт. Бул тууралуу Шаардык спорт комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке катышуу үчүн республиканын бардык аймактарынан командалар чакырылган.
Кошумчалай кетсек, Дөлөн Өмүрзаков 32 жыл спорт тармагында жетекчилик кызматты аркалаган. 2010-жылы анын аты Бишкектеги башкы стадионго берилген.