Зинедин Зидандын экинчи уулу Лука Франциянын жаштар курама командасына чакырылды

Белгилүү франциялык футболчу Зинедин Зидандын экинчи уулу Лука Франциянын жаштар курама командасына чакырылды. 15 жаштагы Лука Зидан мадриддик “Реалда” тарбияланат жана келечекте көптү үмүттөндүргөн дарбазачы болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.    

Кошумчалай кетсек, Зидандын биринчи уулу Энцо да “Реалда” тарбияланат. Ал 15 жашка чейинкилер арасында Испания курама командасынын курамына киргени менен профессионалдык карьерасында Франция курама командасынын формасын кийүү тууралуу чечим чыгарган.  

Зинедин Зидан буга чейин ММКларга курган маектеринде “Уулдарым кайсы курама команданы тандай турганын өзүлөрү чечишет. Болгону “Зидан” деген атты уятка калтырышпаса болду” деген пикирин айтып келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан