Бишкекте "мечитте уурулук кылган" деп шектелип 25 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте "мечитте уурулук кылган" деп шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Маалыматка ылайык, 39 жаштагы М.Али "Аламүдүн" базарынын жанында жайгашкан мечиттен күрмөсүн жана 5000 сом акча каражатын уурдатып жибергени боюнча милицияга кайрылган. 

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 25 жаштагы С.Азиз колго түшүрүлдү. 

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-03-19 08:49:11
кудайдан умуту жок адам го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан