Кечээ, 18-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндары орун алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Англиялык “Челси” өз үйүндө түркиялык “Галатасарайды” кабыл алды. Оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, лондондук клуб чейрек финалдык жолдомо ээси болду. Бул командалардын ортосундагы алгачкы оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
Ал эми Мадрид шаарында өткөн беттеште жергиликтүү “Реал” клубу германиялык “Шальке” менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Эсиңизде болсо, бул командалардын ортосундагы алгачкы оюндарда “Реал” конокто “Шалькени” 1:6 эсебинде утуп алган.
“Челси” (Англия) – “Галатасарай” (Түркия) – 2:0
Голдор: Самуэль Это'О (4-мүнөттө), Гари Кэхилл (42-мүнөттө).
“Реал” (Мадрид, Испания) – “Шальке” (Германия) – 3:1
Голдор: Криштиану Роналду (21-мүнөттө), Тим Хоогланд (31-мүнөттө), Криштиану Роналду (74-мүнөттө), Альваро Мората (75-мүнөттө).