Бүгүн, 19-мартта оштук “Алай” клубу АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынын 3-турунда Иорданиянын чемпиону “Шабаб Аль-Ордон” клубуна каршы оюн өткөрөт. Иорданиянын борбору Амман шаарындагы “Amman Stadium” стадионунда өтө турган беттеш Бишкек сааты боюнча 20:00дө башталат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Кошумчалай кетсек, “D” тайпасында оюн көрсөтүп жаткан “Алай” буга чейин тайпада 2 беттеш өткөрүп, биринде тең ойносо, биринде ири эсепте жеңилүүгө дуушар болгон. Карамагындагы 1 упай менен клуб учурда тайпасында 3-орунду ээлеп келүүдө.