Нооруз майрамына карата уюшулган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалчылары аныкталды. Анда “Талас” менен “Бөрүлү”, “Суусамыр” менен “Кабылан” кез келет. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Эртең, 20-мартта орун ала турган жарым финалда биринчи оюн “Талас”-“Бөрүлү” командаларынын ортосунда болот. Беттешке саат 11:00дө старт берилет. Бул таймаш жыйынтыкталган соң “Суусамыр”-“Кабылан” командалары күч сынашат.
Ал эми финалдык беттеш жана 3-орун үчүн болгон оюн 21-мартка туураланган. Башталыш сааты 10:00.
Кошумчалай кетсек, 16-18-март аралыгында “Аккула” ат майданында тайпалык баскычтагы оюндар өтүп, 11 команда 4 тайпага бөлүнгөн. Өз тайпаларынан жеңип чыккан командалар жарым финалга жолдомо алышты. Бүгүн, 19-мартта командалар эс алууда.