18-мартта Лейлек чек ара отрядында чек арачылар тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен жүк алып келе жаткан МАН үлгүсүндөгү унаа кармалды.
Унаада Баткен облусунун эки тургуну Marlboro үлгүсүндөгү тамекинин 5000ден ашуун блогун алып өтүп баратышкан. Жүктүн жалпы баасы 4 миллион сомдон ашык болгон. Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.