17-мартта саат 18:25 чамасында эки аял Ат-Башыдагы аймактык ооруканага 9 айлык ымыркайды “суук тийип ооруп калды” деген шылтоо менен таштап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Нарын ШИИБинин басма сөз катчысы Медина Султаналиева маалымдады.
Анын айтымында, аталган оорукананын кызматкерлери ымыркайдын денесинен ар кандай жаракаттарды байкап, милицияга кайрылышкан. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө наристенин 30 жаштагы өгөй энеси А.Нургүл кармалды. Баланын аты-жөнү Өмүрбек уулу Элхан экени такталды жана ал 2013-жылдын 16-июнунда туулгандыгы белгилүү болду.
Бул факт боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы кылмышка шектүү А.Нургүлгө кылмыш ишин козгоду. Учурда ал Ат-Башы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.