Акыркы учурда "Бишкекте маньяк пайда болуп, Байтик айылынан сөөгү табылган кызды жана И.Раззаков көчөсүнөн жансыз денеси табылган кызды бир адам өлтүргөн" деген маалымат социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов: “Шаарда эч кандай маньяк жок. Эки кылмыштын бири-бирине тиешеси да жок. Байтиктен табылган кыз боюнча кылмыш ишин иликтөөнү Чүй ОИИББи жүргүзүп жатат. Ал эми Раззаков көчөсүнөн табылган кыз тууралуу кылмыш ишин Бишкек ШИИББи изилдөөдө. Шектүүлөр такталууда. Мындай маалыматты социалдык тармактар аркылуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти таратканы маалым болду. Ал азыр телефонун өчүрүп, таптырбай жүрөт. Ошентсе да элге такталбаган маалыматтарды таратпашыңарды суранабыз. Ал дагы жоопкерчилик экенин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар”,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, 14-мартта Раззаков көчөсүндөгү №3-үйдүн жанынан 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылса, 16-мартта Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү табылган.