УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына акыркы болуп “Боруссия” менен “Манчестер Юнайтед” чыкты

Кечээ, 19-мартта орун алган жооптук оюндар менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалы аяктап, чейрек финалга акыркылардан болуп германиялык “Боруссия” менен англиялык “Манчестер Юнайтед” чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет. Чейрек финалга чыккан 8 команда өз ара атаандаштарын 21-мартта орун алган чүчү кулактын негизинде табат. 

Биринчи беттеште 2:0 эсебинде “Олимпиакоско” утулган “Манчестер Юнайтед” жооптук беттеште жогорку деңгээлдеги оюн алып барып, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш акыркы сезондо ити чөп жебей жаткан “МЮну” чейрек финалга алып чыкты.

“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Олимпиакос” (Греция) 3:0 (алгачкы беттеш 0:2)

Голдор: Робин ван Перси (25-мүнөт, 45-мүнөт жана 52-мүнөт).  

Дортмунд шаарында өткөн германиялык “Боруссия” менен орусиялык “Зениттин” ортосундагы беттеш күтүүсүз жыйынтык менен аяктады. Биринчи оюнда өз үйүндө 2:4 эсебинде уттуруп жиберген орусиялык клуб конокто 1:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бирок гол айырмачылыгынын жыйынтыгында “Боруссия” чейрек финалга чыкты.

“Боруссия” (Германия) – “Зенит” (Орусия) 1:2

Голдор: Халк (16-мүнөт, Кель 38-мүнөт, Рондон 73-мүнөт). 

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Борусия" - "Зенит"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adidilet
2014-03-20 17:08:14
рррррррррробин ван перрррррси!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан