Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына карата уюшулган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алат. Анда “Талас” менен “Бөрүлү”, “Суусамыр” менен “Кабылан” кез келет. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 11:00дө “Талас” менен “Бөрүлү” командаларынын беттешине старт берилет. Бул оюн жыйынтыкталган соң “Суусамыр” жана “Кабылан” командалары финалдык жолдомо үчүн оюн өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш жана 3-орун үчүн оюн 21-мартта болот.