Мындан эки ай мурун Ош шаарынын Төлөйкөн айылында боорунда арабча "Аллах" деген жазуусу бар козу туулган. Мындай кереметтүү жандыктын ээси Карыбек Туманов бул тууралуу бүгүн, 20-мартта гана билдирди.
Анын айтымында, араб тилин билип, окуй алган айылдын имамы козу туулар замат боорундагы жазууну байкаган. Үй ээси бул көрүнүштү жакшылыкка жоруйт.