Малайзия. Дайынсыз жоголгон учактын калдыктары Австралиянын аймагынан табылгандыгы айтылууда

Бүгүн, 20-мартта Австралиянын премьер-министри Тони Абботт аталган материктин жээктеринен дайынсыз жоголгон малайзиялык учактын калдыктары табылгандыгы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, калдыктар табылган аймакка издөө операциясы менен атайын учактар жөнөтүлдү. Калдыктар Малайзиядан Пекинге багыт алган Боингге тиешелүү экени так аныктала элек. 

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. 

Учакты издөөгө 26 мамлекет катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
boztalaa
2014-03-20 13:06:10
Кыргызстандан чыгат бекен дедим эле
-3
Bodibilding
2014-03-20 13:07:11
Кудай сактап ал учак болбой калсында.
+2
AZIK01
2014-03-20 13:31:48
Бул окуя аябай тан калыштуу. Кандай сыр бар экен мунун артында. Кечээ эле автопилот башкаруунда, багытын озгорткон деп журот эле.
+1
sardaralay
2014-03-20 14:39:45
Пассажирлерин туткунга алып ар биринен 1 мил. доллар алышат. Буларды азыр бир жерде камап жатышат пираттар. Кийинчераак байланышка чыгышат.
0
tumarchik
2014-03-20 19:01:59
sardaralay, Сенин козу ачык окшойт ээ? Кайсы олкодо кайсыл аймакта экенин да айтып койчу элди кыйнабай.
+1
Bella-life
2014-03-20 21:07:39
таңкалыштуу болду, мынча көпкө издешти,
туугандарына азап болду.
Килтейген Кытай кантип ушуну таба алышпай атышат¿¿¿
0
123m
2014-03-20 22:38:01
бул дагы болсо Жараткандан белги!!! Элдин пейили кетти, ачкоз адамдар кобойду, жыналач келип жыналач кетээрлерин унутушту, адам олтуруу тан калыштуу болбой калды, Кудай деген Молдолор жаш кыздардын турмушун бузабаштады. Бизди жараткан Тенирди жакындан таанысак, жакшы ой, жакшы тилек тилесек ушундай кырсыктардан сайтайт беле. Жеке менин оюм
+1
only_progress
2014-03-21 11:58:21
Титанике окшоп кийин бир океандын тубунон табылса керек менимче.
0
merim
2014-03-24 03:49:14
кудай сактасын,ушул самалет учуп баратса да тилейм да эсен Аман жетээр жерине эсен консун депчи.Озум чыкканда да аябай паниковать этип,качан жетебиз деп чыдамым кете баштайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан