Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына карата уюшулган көк бөрү боюнча мелдештин финалчылары аныкталды. Эртең, 21-мартта саат 13:30да орун ала турган финалдык оюнда “Кабылан” жана “Талас” командалары беттешет. Ал эми 3-орун үчүн болгон таймаш “Бөрүлү” жана “Суусамыр” командаларынын ортосунда болот. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Аккула” ат майданында өткөн жарым финалдык беттештерде “Кабылан” командасы “Суусамырды” 1:0 эсебинде утуп алды. Ал эми “Талас” жана “Бөрүлү” командаларынын беттешинде 6:0 эсеби катталды.