Бокс боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы 24-28-март аралыгында Казакстандын Алматы шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке 10 мушкер барат. Азырынча мелдешке бара тургандардын ичинен Турат Осмонов, Жаныбек Мусаев, Өмүрбек Малабеков, Акжол Сулайманбек уулу, Эрмек Сакенов, Эркин Болотбек уулу, Азамат Каныбек уулу, Александр Панарин жана Мирлан Түркбай уулу сыяктуу мушкерлердин фамилиясын көрүүгө болот.