"Маңзат сатуу менен алектенет" деп шектелген кыргызстандык жаран Орусиядан камакка алынды

“Косолап” деген каймана атка ээ жергиликтүү "криминалдык авторитетке" баңгизаттарды ташып келип, сатууну пландаган” деп шектелип Кыргызстандын тургуну Орусиянын Алтай аймагынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү Косолап менен 5-10 килограммдан турган героиндин партияларын алып келүү боюнча макулдашкан. Ал буга чейин Казакстандын аймагын аралап, Кыргызстандан Алтайга баңгизаттарды алып келчү экен. 

Учурда маңзат ташууну уюштургандар: Кыргызстандын тургуну жана Косолап камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2014-03-21 12:38:24
Жон эле тынч жашаса болбойбу экен
0
Bodibilding
2014-03-21 13:56:26
Атына заты жарашкан косалап турбайбы еми бизнесинин жарымын турмодо откоруш керек бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан