Мушкер Шэннон Бриггс Владимир Кличкону бут кийими менен уруп, жаңжал чыгарууга аракет кылды

Америкалык мушкер Шэннон Бриггс боксчу Владимир Кличко машыгып жаткан залга келип, аны менен мушташ чыгармакчы болду. Маалымат 20-мартта жарыяланды.

Маалыматка таянсак, Кличко Флорида штатында австралиялык мушкер Алекс Леапаи менен беттешүүгө даярданып жаткан. Машыгуу маалында келген Бриггс Кличкого сөз менен чабуул коюп, андан кийин футболкасын айрып ыргытып, бут кийими менен урганы айтылды. Ал Кличконун жалаң алсыз атаандаш тандай турганын айтып кемсинткен.

Бул учурда машыктыруучусу Кличконун колун таңып жаткан. Көкүрөгүнө бут кийим тийгенден кийин Кличко ачууланган эмес жана ыргыткан бут кийимин Бриггс бир учурда өзү жей турганын айткан. Мындан кийин анын жардамчылары Бриггсти залдан түртүп чыгарышканы айтылды. 

Шеннон Бригс мушкер Владимир Кличкого бут кийимин ыргытып, жаңжыл чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bodibilding
2014-03-21 13:50:31
Шашып алганго Шэннон Бриггс.
0
tokio1991
2014-03-21 17:20:05
кличков жеп каларына гозу жеткен же без деник удар жумшабайын дегенго.
0
kaytmas
2014-03-21 18:36:35
кличкону духу жетпеген ордунан турганга да
0
ayaza
2014-03-21 18:45:21
негр реп айтып жатабы.
+2
Kuba_87
2014-03-21 20:17:45
Чыныгы эркек мындай кадам жасабайт.Сыягы чегип алып барса керек.
+1
kalpakkg
2014-03-21 23:19:07
кличко чынында алсыз мушкер
0
Tariel_tt
2014-03-22 03:03:12
Бул катардагы шоу.Же психологиялык чаабул болду. Кличко эмоцияга алдырбады.Духу жетбейт же коркуп калды деп чечим чыгарганынар туура эмес.
0
Bazul
2014-03-22 11:33:27
Кличко азамат.Сабырдуу инсандар эн кучтуу инсандар.
0
tumarchik
2014-03-22 21:43:30
Кличко аны бир ударда уктатат кулууп отуратко ал гелесоо реп ырдаган боюнча чыгып кетти. Кыйын болсо тапочкасын ыргытпай муштумун ыргытпайбы
0
Sharipa-asia
2014-03-23 00:04:56
Кличко тенелген эмес го сыягы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан