Бүгүн, 21-мартта Бишкекте 2 саатка созулган спорттук иш-чаралар болуп өттү (фоторепортаж)
Ордо оюну.
Он-ондон 2 командага бөлүнгөн тараптар кызуу аркан тартыш оюнун көрсөтүп беришти.
Адатта отуруп алып ойнолуучу тогуз коргоол оюнун жаштар тикесинен тик туруп ойноп жатышты. Элге алардын канча турганы эмес, оюндун канчага созулганы кызык экени байкалып жатты.
Стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча кыздар жана балдар арасында таймаштар болду.
Жалаң уландардын катышуусундагы кол күрөш спорту. Каалагандар атын жаздырып, өз күчтөрүн сынап жатышты.
Каратэ боюнча атайын көрсөтмө болду. Жигиттер кезек-кезеги менен өнөрлөрүн тартуулашты.
Алыстыкка секирүү мектеп окуучуларынын арасында өттү.
Топту кол менен алыстыкка ыргытуу боюнча жарыштар мектеп окуучуларынын курчоосунда өттү.
Татами жайылып, дзюдо боюнча өнөрлөрүн көрсөткөндөр да болду.
Кыздар гимнастика боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.
Оор атлетика боюнча жарыштарга белгилүү спортчу, учурда машыктыруучулук менен алектенип жүргөн Улан Молдодосов (оңдон экинчи) көз салып турду.
Оор атлетика боюнча жарыштар. Турган штанганы көтөрүү үчүн кезек күткөндөр көп болду.
Командалык оюндардан баскетбол көп көрүүчү чогулта алды.
Бүгүн, 21-мартта борбор шаардагы эски аянтта Нооруз майрамына карата Бишкек шаардык спорт комитети спорттук
иш-чара уюштурду. 2 саатка созулган иш-чара алкагында 12 спорт түрү боюнча
көрсөтмө мелдештер жана 9 спорт түрү боюнча атайын мелдештер өттү.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев