Ноорузга карата уюшулган көк бөрү мелдешинде “Талас” чемпион болуп, 400 000 сомго ээ болду

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата уюшулган көк көбү боюнча мелдеш “Аккула” ат майданында жыйынтыкталды. Финалдык беттеште “Талас” командасы “Кабыланды” 3:2 эсебинде утуп, чемпион аталды. Ал эми 3-орун үчүн болгон оюн “Суусамыр” командасы менен “Бөрүлүнүн” ортосунда болуп, 5:3 эсебинде “суусамырлыктар” утуп алышты. Муну менен алар мелдештеги 3-орунду камсыздай алышты. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.

Байге ээлери төмөнкүдөй акчалай сыйлыктарга ээ болушту:

1-орун. “Талас” командасы – 400 000 сом

2-орун. “Кабылан” командасы – 200 000 сом

3-орун. “Суусамыр” командасы – 100 000 сом

4-орун. “Бөрүлү” командасы – 30 000 сом   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AshatMJ89
2014-03-21 16:45:37
азаматтар)_))
0
moke82
2014-03-21 17:55:51
саламатсыздарбы нооруз майрамыныздар менен улактын видеосун жуктоп койсонор чет жакта жургон жарандарга жакшы эле болмок
+1
Mahabat88
2014-03-21 18:14:30
Таластыктар молодцы ураааааа
0
Asanaka2
2014-03-23 19:01:31
Борулу эмне болгон бул жолу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан