Бүгүн, 21-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чүчү кулак ташталып, чейрек финалда ойноочу атаандаштар аныкталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет. Маалыматка ылайык, чейрек финалга чыккан 8 команда төмөнкүдөй таризде атаандаштарын табышты:
“Барселона” (Испания) – “Атлетико” (Испания)
“Реал” (Испания) – “Боруссия” (Д. Германия)
ПСЖ (Франция) –“Челси” (Англия)
“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Бавария” (Германия)
Кошумчалай кетсек, алгачкы оюндар 1-2-апрелде орун алат. Ал эми жооптук оюндар 8-9-апрелге туураланган.