19-21-март күндөрү Ош шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көк бөрү мелдеши өткөрүлдү. Мелдештин башкы калысы Токтосун Камчыбековдун айтымында, мелдешке өлкөнүн түштүк аймагынан 4 команда катышты. Алар: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын командалары. Жыйынтыгында 1-орунду Ош облусунун командасы ээледи.