Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу ТОП-Лиганын биринчи тур оюндары болуп өттү

21-22-март күндөрү Бишкек, Кант жана Кочкор-Ата шаарларында Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги ТОП-Лиганын 1-тур оюндары болуп өттү. 23-ирет өтүп жаткан өлкө биринчилигине быйыл 8 команда ат салышууда жана 1-тур оюндарында 3 оюн орун алды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.

21-22-мартта катталган оюн эсептери:

“Алга” – “Ала-Тоо” - 1:0

“Абдыш-Ата” – “Манас” - 6:1

“Нефтичи” – “Алдиер” - 0:3

1-тур оюндарынын төртүнчү оюну өлкөнүн учурдагы чемпиону “Алай” менен вице-чемпион “Дордойдун” ортосунда болот. Бул оюн жылдырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан