Бүгүн, 24-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Анда бишкектик “Дордой” менен оштук “Алай” клубдары кез келет. Беттешке 15:00дө старт берилет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Кошумчалай кетсек, Суперкубок үчүн Кыргызстандын чемпиондугу ТОП-Лиганы уткан команда менен Кыргызстандын Кубогунун ээси кез келет. 2013-жылы бул эки ири мелдешти тең “Алай” клубу уткан. Андыктан аталган кубокту “алайлыктар” ТОП-Лиганын вице-чемпиону “Дордой” менен талашат.